БийликДен-соолукКоомӨкмөт

Ноокатта коронавирус жуктурган адамдын кызы түнү менен Чүй облусуна качып кеткен

Бүгүн, 21-мартта өкмөттөгү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 6 учур катталганын билдирди (жалпы 12 адам).

Анын айтымында, Ноокатта коронавирус жуктурган адамдын кызы түнү менен Чүй облусуна качып кеткен. Ал туугандарына такси менен барган. Учурда ал кыз табылып, кимдер менен байланышканы аныкталды.

«Ал кыз түндөп такси менен Чүй облусуна келиптир. Кечээ түнү менен издеп, таап, кайсы жерде болгонун аныктадык. Ал бул жерге келип алып туугандары менен байланышта болду да. Туугандары менен кошо жаткырдык (текшерүүгө). Катуу чара колдонбосок бири-бирине барып, оору тарап кетиши мүмкүн», — деди ал.

Жаңы катталган бейтаптардын бири Баткенде, бешөө Сузак районунда.

«Алар да кичи ажылык сапардан келгендер. Жаш курагы 45 жаштан 70 жашка чейинкилер», — деди Т.Исаков.

18-мартта Сузак районундагы 3 жашоочуда, 20-мартта Ноокат районундагы 3 жашоочуда коронавирус аныкталган. Алар эки башка каттам менен — Бишкек жана Ош шаарлары аркылуу кичи ажылык сапардан кайтып келишкен болчу.

Учурда Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими бар.

Булак
Barakelde
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close