Дүйнө

Коронавирус жуккан адам Кытайдан башка өлкөдө каза тапкан 1-учур катталды

Коронавирус оорусуна чалдыккан адамдардын Кытайдан тыш каза тапкан алгачкы учур катталды. Тагыраак айтканда, 44 жаштагы Ухань шаарынан барган кытай жараны Филиппинде каза болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Филиппиндеги бөлүмү твитерде маалымдады.

Маалыматта маркум Филиппиндеги коронавирус оорусун  жуктуруп алган  2-бейтап болчу. Ал 2020-жылдын 1-февралында көз жумган. Иликтөөлөр боюнча маркум ооруну Филиппинге келгиче жуктурганы аныкталган.

Кытайдын Саламаттыкты Сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 1-февралга карата 31 провинцияда 14380 адамдан жугуштуу оорунун белгилери байкалгандыгы, анын ичинен 2110 адам оор абалда болсо, 304 киши каза болуп, 328 киши айыгып ооруканадан чыгарылды

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button