Ден-соолукДүйнөКоом
Маанилүү

Коронавирус жан алууну улантууда

Кытайда жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны 427 кишиге, вирусту жуктургандардын саны 20 миң 438 кишиге жетти.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн жалпысына жайылган коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны 427 кишиге, вирустан таасирленгендердин саны 20 миң 438 кишиге жетти. Алардын 2 миң 788инин абалы оор. Ал эми 632 киши айыгып ооруканадан чыкты.

Булар менен бирге Кытайга караштуу Гонконг автономиялуу аймагында инфекцияга кабылгандардын саны 15, Макао автономиялуу аймагында 8 кишиге жетти.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы, коронавирустун себебинен акыркы 24 сааттын ичинде 64 адамдын көз жумганын, вирусту жуктурган жаңы бейтаптардын саны 3 миң 235 кишиге жеткенин билдирди.

Бир тараптан Таиланд жана Сингапурда алтыдан, Түштүк Кореяда бир кишиде жаңы коронавирустун белгилери табылды. Ушундайча Таиландда вирусту жуктургандардын саны 19дан 25 кишиге, ал эми Сингапурда бул илдет менен ооругандардын саны 24 кишиге жетти. Түштүк Кореяда болсо коронавирусту жуктаргандардын саны 16га жеткендиги кабарланды.

Жаңы типтеги коронавирус алгач Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда аныкталган болчу.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button