Коом
Маанилүү

Коронавирус жан алууну улантууда: Жугузуп алгандардын саны миллионго жетти!

Жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны дүйнөнүн жалпысында 52 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 1 013 157ге жетти.

Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 2-апрелине карата СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен: Ош облусунда (Ноокат району) – 2, Ош ш. – 1, Баткен облусунда (Кызыл-Кыя ш.) – 2. Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116.

Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 54;
• Ош облусунда – 30;
• Чүй облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 3;
• Ош ш. – 10;
• Бишкек ш. – 8;
• Нарын облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 2

Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.
⚡️ Учурда беш киши реанимацияда жатат. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда. Жалпы 2 киши Ноокатта, 2 Ошто,бирөө Жалал-Абадда.
⚡️ Жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, 3 – ооругандар менен байланышта болгондор.
⚡️ Пакистандын Абботабад шаарында Кыргыз Республикасынын 1950-ж.т., 1952-ж.т., 1959-ж.т. үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды. Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн. Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.

Италияда СoVid-19дун себебинен көз жумгандардын саны акыркы 24 сааттын ичинде 727 кишиге көбөйүп жалпы 13 миң 915ке жогорулады.

Испанияда пандемиядан каза тапкандардын саны 24 сааттын ичинде 950 киши көбөйүп 10 миң 348ге жетти.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны бир күндүн ичинде 509 киши көбөйүп 5 миң 398ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 59 миңден ашты. Бир тараптан өлкөдө пандемиянын себебинен 3,6 миллион кишинин жумушсуз калгандыгы билдирилди.

Германияда коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында 22-мартта чыгарылган чечимдер 19-апрелге чейин узартылды. Канцлер Ангела Меркель келээрки аптада пасха майрамы белгилене турганын эске салып:

«Пандемия майрамга карабайт. Пасха убагында саякаттабагыла» деп эскертти.

Бельгияда каза тапкандардын саны 183 киши көбөйүп 1 миң 11ге, илдетке чалдыккандардын саны 15 миң 348ге жогорулады.

Сербияда коронавирустун айынан 28 киши каза болуп, вируска чалдыккандардын саны 1 миң 60ка жетти.

50 киши коронавирустун себебинен каза тапкан Грецияда, ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны 1415 деп катталды.

Словенияда 15 адам көз жумуп, 841 кишиде вирус аныкталды.

13 киши каза тапкан Босния-Герцеговинада вирусту жуктуруп алгандардын саны 457ге жетти. Өлкөдө үч доктурда Ковид-19 аныкталды.

Болгарияда 9 адам көз жумуп, 412 кишиде коронавирус табылды.

Австралияда каза тапкандардын саны 23кө, жуктургандардын саны 5 миң 105ке жетти.

АКШда болсо жаңы типтеги коронавирустун себебинен 5 миң 926 киши каза болуп,  244 миңден ашуун киши ооруну жугузуп алды. Каза тапкандардын жарымы Нью-Йоркто катталып вируска чалдыккандардын саны 12 миңден ашты. Нью-Йорк жана Нью-Жерси сыяктуу аймактар пандемиянын очогу болууну улантып жатканда берки аймактарда да вирустан каза тапкандардын жана жуктургандардын саны ылдам көбөйүп баратканы көңүлдөрдү бурду.  Коннектикут штатында 6 айлык наристе да коронавирустун себебинен чарчап калды. АКШдагы вирусту жуктургандардын саны 24 сааттын ичинде рекорд койгондугун айткан президент Трамп:

«Бул вирустун канчалык жаман экендигин акыркы 1 күндүн ичиндеги сандарды карап түшүнө аласыз»,-деди.

[coronavirus-jh-dashboard height_px=»800px»]

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт