КоомМыйзам жана укук

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир адам кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кечээ, 31-мартта жалган маалымат тараткан адам аныкталды.

УКМКнын билдирүүсү боюнча, Чүй облусунун Сокулук районунун 1987-жылы туулган тургуну Бактыбаев Бактияр Согушпекович социалдык тармак аркылуу Сокулук райондук администрациясында коронавируска чалдыккан адам аныкталганы тууралуу жалган маалымат тараткан.

«Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин элден кечирим сурады. Анын иш-аракетине юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

УКМК жалган маалымат тараткан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button