БийликКоомМыйзам жана укук

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адамды кармады

УКМК Жалал-Абадда дарыгерлер иштен жапырт бошоп жатат деген ушакты тараткан адамды кармады. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Кубанычбек Шаимкулов аттуу адам социалдык тармактарда Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуктурган адамдар жапырт качып кеткени жана дарыгерлер иштен бошоп жатканы боюнча жалган маалыматты тараткан.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган адам күнөөсүн моюнуна алып, калктан кечирим сураган.

Буга чейин Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб социалдык тармактарда тарап жаткан билдирүүлөрдү четке каккан болчу.

Учурда өлкө аймагында 14 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын сегизи Сузак районунун, үчөө Ноокат, бирөө Баткен районунун тургундары. Дагы экөө Бишкекте обсервациялык борбордо жатат. 14 бейтаптын бирөө Францияда болгон, калганы Сауд Арабиясына умрага барып келишкен.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул режим бир айга созулат.

Учурда коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон 2364 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close