Коом
Маанилүү

Коронавирус тууралуу фейктерден кантип сактанабыз? Кыргызстандагы башкы фактчекерден кеңештер

COVID-19 пандемиясы учурунда дүйнө жүзүндө фейк жаңылыктар күч алды. Бул көрүнүш Кыргызстанды дагы кыйгап өткөн жок. Бир күнү коронавирустун вакцинасы табылыптыр деген жаңылык чыкса, бир күнү “вертолет менен дезинфекция кылышат экен, терезелериңерди жапкыла” деген жаңылыктар тарап жатат. Бул көрүнүш инфодемия деп аталып калды.

Фейк маалыматтар эмнеси менен коркунучтуу? Такталбаган маалыматтардын кесепеттери дагы начар болушу мүмкүн. Көпчүлүк бул маалыматтын шары менен ызы-чуу түшүп, же тескерисинче, “дарыланбай эле, сарымсак жеп отурса айыгып калат экен” деген маалыматтарга ишенип отуруп, өзүнүн эле эмес көп адамдардын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирип алышы мүмкүн. Муну менен өлкөдөгү, дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга таасир этет.

Мына ушундай учурда өзүбүздү калп, фейк маалыматтардан кантип сактайбыз? Кыргызстандагы башкы фактчекер катары белгилүү журналист, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров кеңеш берет:

1. Маалымат булагын текшериңиз

Жарандар алгач макалалардын баштемасына көңүл бурушат. Кандайдыр бир шок кылуучу баштеманы көрүп эле чечим чыгара баштайт. Эмоция менен ага комментарий жазып, же башкалар менен бөлүшө салат. Мисалы, “Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болду” деген теманы көрүп дүрбөлөңгө түшүп, бөлүшүп, туугандарыңызга эскерте баштайсыз. Бирок, эң маанилүү нерселерге көңүл бурбаган болосуз: Маалыматтын булагы ким? Расмий сайтпы? Кыргызстанда белгисиз болгон, түшүнүксүз сайтпы? Айтып жаткан адамга ишенсе болобу?

2. Баштемадан чечим чыгарбаңыз

Экинчиден, кээ бирөөлөр баштеманы окуп эле чечим чыгарып алышат. Шилтеме берилген сайтка кирип, макаланы толук окуу керек. Мисалы, кээде баштемага “Коронавирустан алты киши каза болду” деп жазып коет. Ичин ачып окусаң, бул Кыргызстанда эмес, башка өлкөдө болгонун билесиң. Ошондуктан, макаланы аягына чейин окумайынча чечим чыгарбаңыз.

3. Башка булактардан окуу керек

Кийинки этап — сөзсүз түрдө башка маалымат булактарын издөө керек, же макалада көрсөтүлгөн булактардан текшерип көрүү зарыл. Эгерде саламаттыкты сактоо министрлиги деп турса, министрликтин сайтына, же Covid-19га каршы Республикалык штабдын расмий сайтына https://covid.kg/ кирип текшерүү керек. Ошол жактан бул маалымат ишенимдүүбү же жокпу, министрлик ошондой маалыматты бергенби же жокпу биле аласыз. Бул көп деле убакытты талап кылбайт.

4. Критикалык ой-жүгүртүңүз

Критикалык ойлонууну, сын көз карашты өнүктүрүү керек. Бул эмнени түшүндүрөт? Баарына ишене бербөө керектигин түшүнүү зарыл жана бардык маалыматтарга шектенүү менен мамиле кылуу кажет. Бирөө бир нерсе деп айтып жатса, же жазып жатса кошумча булактардан мааылматты текшерүү зарыл. Кээде квалификациялуу журналисттер дагы туура эмес маалыматты тактабай туруп бөлүшкөн, жайылткан учурлар болот. Кээде ишеничтүү делген кишилердин айткандарына дагы сын көз караш менен кароо керек.

5. ММКларды да тандап окуңуз

Массалык маалымат каражаттарындагы маалыматтарга ишенүүдөн мурда, алар Кыргызстанда канчадан бери иш алып барганына көңүл буруңуз. Өлкөдө көп жылдан бери иш алып барып, кадыр-баркка ээ болгон медиалар жок эмес. Сиз биринчи жолу көрүп жаткан, аты дагы белгисиз медиаларга ишене бербеңиз.

6. Дароо ишенбөө керек

WhatsApp аркылуу видео, аудиолор дагы, “Мына Кыргызстанда же Италияда ушундай болуптур” деген сыяктуу калп маалыматтар тарап жатат. Алардын фейк экенин дароо аныктоо оор болот. Мындай учурда дароо чечим чыгарбай туруп, расмий булактардын, же кадыр-барктуу ММКлардын маалыматын күтүү керек. Анткени, биз акыркы күндөрү WhatsApp аркылуу келип жаткан, видео, аудиолорду көп текшерип жатабыз. Ал маалыматтардын 100% жалган болуп чыгууда. Мисалы, “Бразилияда коронавирустан улам морадерлук болуп жатат” деген видеону текшерип, ал 2017-жылы Гондураста болгонун аныктап чыктык. Мисалы, дагы жакында Кыргызстандагы кыздын сөлөкөтүндөгү тоо тууралуу маалымат тарады. Алардын монтаж экенин аныктап чыктык.

7. Фейкти таратууга салым кошпоңуз

Ошондуктан, бардык маалыматтарга шектенүү менен карап, этияттык менен мамиле кылуу керек. Өзүңүз анын чын-төгүнүн билбегенден кийин башкалар менен бөлүшпөгөнүңуз пайдалуу.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт