Дүйнө
Маанилүү

Коронавирус тууралуу биринчи айтып чыккан кытай дарыгери каза тапты

Кытайда коронавирус тууралуу эң биринчилерден болуп айтып чыккан дарыгер каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, 34 жаштагы Ли Венлиань Ухандагы ооруканалардын биринде офтальмолог дарыгер болгон. Ал эң биринчилерден болуп, ага келген бейтаптардан белгисиз вирус чыгып жатканын жана ал коркунучтуу болушу мүмкүн экенин дарыгерлер менен интернеттен бөлүшкөн. Аз өтпөй, дарыгерди укук коргоо органдары суракка алып, жалган маалымат таратпоону эскертишкен.

Кийин Ли Венлиандын айткандары туура чыккан соң, бийлик андан кечирим сураганы маалым. Тилекке каршы, коркунучтуу вирус дарыгердин өзүнө да жугуп ал 34 жашында, 6-февральда каза тапкан.

Булак
bars.media
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button