ДүйнөКоомТехнология
Маанилүү

Коронавирус: Samsung компаниясы жабылды

Samsung Eleсtronics компаниясы Түштүк Кореянын Куми шаарындагы заводун  эки күн иштетпейт. Себеби бир кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Ага байланыштуу дезинфекциялоо иштери жүрөт. Бул маалыматты YTN телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы кызматкер кыз COVID-2019 вирусун жигитинен жугузуп алгандыгы божомолдонууда. Ал “Синчхончжи” сектасынын чиркөөсүндө кызматта жүргөн жигитине 9-16-февраль аралыгында жолуккан.

Ишемби күнү бардык кызматкерлерге 24-февралга чейин завод жабык болору тууралуу маалымат таратылган. 25-февралга чейин кыз иштеген кабатка барууга тыюу салынды.

Учурда “Синчхончжи” сектасында коронавируска байланыштуу 231 учур катталган. Вирус 61 жаштагы чиркөөгө келген адамдан башталганы айтылууда. Ал Кытайга барбаганын айтып текшерүүдөн өткөн эмес. Ал адам менен миңдеген адам мамиле курган.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан 2592 адам каза тапты. Канадада 10 адам ооруп жатса, Түштүк Кореяда 763 адамга жетти. Жалпы дүйнө боюнча 80 000дей адам вирус менен алышып жатат. Кытайдан чыккан коронавирус 26 өлкөгө тараган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button