Ден-соолукДүйнө
Маанилүү

Коронавирус: Оорунун очогу Бразилияга ооду

“Worldometers” сайтынын маалыматына караганда дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 миллион 106 миң 166 болду. Жоготуу 330 миңди түзсө, ооруну жеңгендер 2 миллион 35 миң 787ге жетти.

АКШда жуккан учур 1 миллион 593 миң 296, жоготуу 94 миң 948.
Россияда жуккан учур 317 миң 554. Расмий маалыматтарга караганда оорудан 3 миң 99 адам көз жумду.
Бразилия эпидемия күчөгөн 3-мамлекет. Анда 293 миң 357 жараны бул ооруга кабылса, 18 миң 894 жараны көз жумду.
Англияда вирустан 35 миң 704 тургун көз жумса, Италияда жоготуу 32 миң 330га жетти.

20-майда коронавирус жуккан 106 миңге жетип, дүйнө жүзүндө бул ооруга эң көп чалдыккан күн катары катталды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button