Дүйнө

Коронавирус Кытайдан башка дагы 73 өлкөгө жайылды

Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 3-мартка караган убакка карата жалпысынан 90 миң 912 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алган. Бул сан күн санап өсүүдө. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 3117ге жеткен. Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган 47 миң 984 адам айыкканы айтылат.

Эске салсак, пневмонияга окшош оорунун тараганы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирус башка да өлкөлөргө тароодо, учурда Кытайдан башка дагы 73 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close