Ден-соолукКоом

Коронавирус: Кыргызстанда бир суткада 450 адамга жугуп, 7 адам каза болду

Бүгүн, 7-июлга карата Кыргызстанда дагы 450 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 8141 адамга жетти.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 229 адам;

— Чүй облусунда 84 адам;

— Ош облусунда 23 адам;

— Ош шаарында 32 адам;

— Жалал-Абад облусунда 47 адам;

— Баткен облусунда 10 адам;

— Нарын облусунда 11 адам;

— Ысык-Көл облусунда 13 адам;

— Талас облусунда 1 адам.

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда эртең мененки брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Каза болгон бейтаптар:

  • Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 85 жаштагы эркек киши;
  • Ош облустар аралык ооруканасында 79 жаштагы эркек адам менен 62 жаштагы медкызматкер;
  • Ысык-Көл облустук ооруканасында 61 жаштагы эркек киши (дарыгер-педиатр);
  • Жалал-Абад облустук ооруканасында 58 жаштагы эркек адам;
  • Жайыл аймактык ооруканасында 57 жаштагы эркек киши.

Кыргызстанда коронавирус аныкталгандан кийин жалпы 99 адам каза болду.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close