Аналитика
Маанилүү

Коронавирус: Кыргызстан  чукул кырдаалга канчалык даяр?

Учурда Кытайдын дээрлик бардык аймактарында вирусту жугузгандар байкалды. Андан сырткары, 23 өлкөдө жана 3 административдик аймакта коронавирусту жугузгандар каттаып, Кытайда коронавирус жугузган кишилердин жалпы саны 17 миңге жетти. Анын ичинен 361 адам каза болду. Кытай медиасындагы маалыматтарга караганда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө короновирус жугузганы аныкталган 148 учур катталган. Ал эми Филиппинде коркунучтуу оорудан бир киши каза болгону кабарланды. Ал Ухандан келген 44 жаштагы киши болуп чыккан.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар. Алардын ичинен 14 студент Ухань шаарынан 2-февралда жалпы 18 кыргызстандык жаран атайын борт менен Нур-Султан шаарына, андан соң Бишкекке алынып келинген эле.

Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер азырынча карантинде болуп турмакчы.

Ал эми 28-январдан 3-февралга чейин жалпысынан Кытайдан Кыргызстанга 250 киши келген. Ушул тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда 22 киши жатат. Баарынын абалы канааттандырарлык. Калган 189 киши Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен үйлөрүнө чыгарылды.

Президенттин басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги кыргызстандыктар менен туруктуу байланышып жатканын билдиргени менен дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1-февральда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерде, жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Кытай менен чектеш Кыргызстан  чукул кырдаалга канчалык даяр?

Коронавирус глобалдык деңгээлдеги коркунучка айланса анын кесепетин элестетүү өтө оор. Анын кесепети Кыргызстанды айланып өтпөйт. Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгондуктан чек аранын жабылышы кийим-кече жана курулуш материалдарынын бааларынын кымбатташы менен эле чектелбейт. Бул көрүнүш Кыргызстандагы дээрлик бардык товарлардын кымбатташына алып келет. Мындай тажрыйбаны кыргыз-казак чек арасындагы көрүнүштөрдөн деле байкасак болот…. Анткени, бизге чектеш өлкө болгондугу үчүн гана эмес, өлкөбүздүн башкы соода өнөктөшү экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Кытай экономикасынын солгундашы Кыргызстандын экономикасында олуттуу өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн.  Айрыкча Кытайдан импорттолгон товарлар жалпы көлөмдүн 70 пайызын түзөт. Алардан тамеки заттары ($10,9 млн), мунай зат азыктары ($5,3 млн), кымбат баалуу металлдар үчүн руда жана концентраттар ($4,5 млн). түзөт.

Андан сырткары, ун, буудай, өсүмдүк майы, каймак май (пластикалык кутучаларда жана калай банкалардагы), күрүч, шекер, кургак сүт, тоок эти, уй эти, жумуртка, гречка, кесменин түрлөрү, картошка, помидор, бадыраң, алма, банан, лимон, туз, балдарга арналган тамак-аштар, пияз ж.бу.с. азыктар кирет…

Биздин эт базарыбызда болсо Кыргызстандын эти Кытайга, Казакстанга, Иранга кетип, а биз колдонуп жаткан эттин кырк пайызы Кытайдан келип жатканын ишкерлер билдирип жатышат. Анткени ишкерлерге Кыргызстандын этин Кытайга кымбат сатып, ал жактан Кытайдын арзан этин алып келген пайдалуу. Ошондуктан базардан эт ала турган болсок, балким, ал Кытайдан келиши мүмкүн…

Жогоруда тизмеленип берилген азык-түлүктөр Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга атайын фирмалар аркылуу келишимдин негизинде үзгүлтүксүз алынып келинип турат. Мындан тышкары, жеке ишкерлер тарабынан ташылып келинген тамак-аштардын түрлөрү толтура. Мисалы: токочтор, томат пастасы, ачыткы түрлөрү, тамакка кошулуучу ар кандай татымалдар, суусундуктар, консерваланган балыктар, кургатылган жер-жемиштер, кукси… Мындай товарларды санап, так санын чыгара албайсың. Эгерде республикалык бажы комитети “аталган азык-түлүктөр эле келет” деп тастыктап жатышса, “базар толгон башка “Made in China” азыктары кантип биздин рынокторго келип жатат?” деген суроо жаралат…

Чоң экономикалык каатчылык Кыргызстандын да эшигин каккылайбы же каптап киреби деген түйшүктүү суроо ар бир жаранды ойлонтпой койбосо керек… Кытайсыз Кыргызстандын экономикалык абалы бир топ эле катаал болору талашсыз.

Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?

Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарынан Бишкекке казак тараптын жардамы менен атайын бортто Нур-Султан шаары аркылуу жеткирилген кыргызстандык жарандардын ден-соолуну жакшы экенин билдиришти. Алгачкы текшерүүдө алардан оорунун белгилери байкалган жок, ошентсе да 14 күндүк инкубациялык мөөнөт учурунда изоляцияда болушат.

Кытайдан келген кыргыз жарандарынын арасынан аларды жайгаштырган жердин шарты начар экенин айткандар да болду:

– Аэропортто дарыгерлерди эки саат күтүп отурдук. Бул жак аябай суук экен, үстүбүздүн жукалыгын көрүп туруп, эшиктин жанынан жылбай отургула деп, эшикти ачып коюшту. Сокулуктагы жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканасынын жылуулугу өтө начар экен. Биз Кытайдан соо келип, бул жактан ооруп калдык, – деди атын атагысы келбеген, Кытайдан келген кыргызстандык жаран.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы Абдыкадыр Жороев өкмөт вируска каршы толук күрөшө аларын белгиледи. Ал үчүн коронавируска шектүүлөрдү текшерүү үчүн Бишкектин четиндеги аскердик госпиталдан 400 орун камдап коюшкан экен. Абдыкадыр Жороев Кытайдан келген жарандар жайгаштырылган жайлардын сапаты начар дегенге кошулбайт:

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги вирусту алдын алуу үчүн толук даярдыкты көрүп жатат. Аталган ооруга байланыштуу бардык региондорго да тийиштүү бөлүмдөр ачылды. Госпиталдарда биринчи кезекте техникалык жөнгө салуу, санитардык жана гигеналык шарттары талапка жооп берет. Бөлмөлөрдүн ичи жылуу, эч кандай расмий арыздар түшө элек.

Абдыкадыр Жороев мындан сырткары 28-январдан 3-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 250 киши келгенин айтты. Анын ичинен 24ү Кытайдын, бирөө башка мамлекеттин, калгандары Кыргызстандын жарандары. Ал эми Кытай жарандарынан оорунун эч кандай белгилери табылган эмес. Ошондуктан үйлөрүнө жиберилген, бирок дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.

– Расмий маалымат боюнча Кыргызстанга 24 кытай жараны келип түшкөн. Булардын арасынан жаңы типтеги коронавирустун белгилери байкалган жок. Учурда алар үйлөрүндө, бирок Саламаттык сактоо министрлиги аталган адамдарды тыкыр көзөмөлдөп жатат.

Ошол эле кезде Кытайдагы коронавирустун жайылуу коркунучуна байланышкан коомчулуктагы кээ бир дүрбөлөңдөн улам Бишкектеги бир катар дарыканаларда медициналык беткаптардын баасы көтөрүлүп, ал тургай айрымдарында калбай калган. Мындай маалыматты борбордогу ооруканалардын биринде дары-дармек саткан Лира Момоконова билдирди:

– Бүгүн 1500 бет кап алып келдик. ​Мурун 5 сомдон сатсак, азыр 10 сомдон берип жатабыз. Анткени фирмалар кымбат алып келип жатат.

Кытайдын өзүндө болжол менен 60 миллион адам жашаган бир нече шаар карантинге жабылды. Кытайдын Жугуштуу ооруларды дарылоо боюнча мамлекеттик лабораториясынын адистери бул илдетке каршы эмдөө каражатын тесттен өткөрүүгө кеминде үч ай талап кылынарын билдиришти. Эгер кырдаал ушул боюнча улана турган болсо, анда Кыргызстандык 4614 студент өлкөгө алынып келиниши керек. Алар текшерүүдөн өтүп, атайын обочолонгон госпиталдарда калышы шарт. Биринчи кезекте заманбап технологиялар, медициналык аппараттар жетиштүүбү?  Санитардык жана гигиеналык шарттар талапка жооп береби? Анткени, азыр ооруканага кирсең короновирус эмес, грипптен ооруп баргандар босогого чейин толуп калган….

Вирус Кытайдан башка мамлекеттерге да тез тарап жатат. Соңку эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды. Ал тургай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөрдө да жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button