Аналитика

Коронавирус Европанын эсин оодарууда

Италияда 21-февралда кездешкен коронавирус эпидемиясы ылдам жайылууда жана жан алууда, ал эми кечээки күн эң көп өлүм кездешкен күн деп жарыяланды.

Италияда жаңы тип коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 52ге жетти.

Өлкөдө 21-февралда кездешкен коронавирус эпидемиясы ылдам жайылууда жана жан алууда, ал эми кечээки күн эң көп өлүм кездешкен күн деп жарыяланды.

Жарандык коргонуу башкы директору Анжело Борелли, борбор калаа Римде өткөргөн маалымат жыйынында вирус жуккан киши санынын 1835ке, каза тапкандардын санынын 52ге жеткенин жарыялады.
Жарандык коргонуу башкы директору 140 кишинин реанимацияда дарыланып жатканын, учурда 149 кишинин айыгып чыкканын маалымдады.

Ломбардия аймагында мектептер 8-мартка чейин эс алууга чыгарылып, аймактын борбору Миландагы дүйнөгө таанымал атактуу Скала операсында да иш-чараларга бир апта тыныгуу берилди.

Бир тараптан American Airlines, коронавирус көп кездешкен Миланга каттамдарын 24-апрелге чейин токтотконун жарыялады. Фирманын бул чечими, мурдагы күнү AA198 каттам номердүү Нью-Йорк JFK-Милан каттамын жасай турган экипаждын учуудан баш тартышынан кийин чыкты.

АКШда коронавирустан каза тапкандардын саны 2 кишиге жетти.

Францияда BFMTV каналына маалымат берген ички рынок боюнча жооптуу еврокомиссар Тьерри Бретон, «Коронавирустан улам глобалдык экономикада маанилүү деңгээлде акырындоо болуп жатат. Коронавирустан улам Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн туризм секторундагы жоготуусу айда 1 миллиард евро»,-деди.

Бир тараптан Германияда Ковид-19 белгиленген киши санынын 157ге жеткени билдирилди.

Акыркы көрсөткүчтөргө караганда Ковид-19 жуккан киши саны Германияда 129, Францияда 100, Испанияда 74, Англияда 35, Швейцарияда 22, Швецияда 22, Австрияда 14, Нидерландияда 10, Грецияда 7, Бельгияда 2ге жетти.

Чехияда дагы саламаттык сактоо министри Адам Вожтек, 3 кишиде Ковид-19 кездешкенин жарыялады.

Кариб өлкөсү Доминик Республикасында Италиянын атуулу бир кишиде Ковид-19 белгиленгени жарыяланды.

Саламаттык сактоо министри Рафаэль Санчез Карденас, өлкөгө 22-февралда кирген 62 жаштагы бир итальянда Ковид-19 белгиленгенин жарыялады.

Латын Америка өлкөлөрүндөгү Ковид-19 вирусу эң биринчи Бразилияда, андан соң Мексика жана Эквадордо кездешилген.

Андора дагы алгачкы вирус жуккан кишини дүйнөгө жарыялады.

Кытайдын Хубей провинциясына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда белгиленген Ковид-19дун кыска убакытта берки шаар, аймак жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДСУ) «чукул кырдаал» деп жарыялаган.

ДСУ жума күнү Ковид-19 үчүн глобалдык тобокелдик деңгээлин «жогору» деңгээлинен «абдан жогору» деңгээлине көтөрдү.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close