Коом

Коронавирус: Cузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган үч адам аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келишкен. Учурда Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар аныкталды

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган адамдар аныкталганын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-мартта эртең менен чукул басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абаддын Сузак районунда үч адамдан жугуштуу илдет өткөн түнү аныкталган.

Оору жугузган 70, 62, 43 жаштагы үч киши Сауд Арабиясында умра сапарынан 12-мартта Кыргызстанга учуп келишкен.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», — деди министр.

Министрдин маалыматы боюнча, умрадан келгендер үй карантинде кармалып турган. Алардын абалына жергиликтүү дарыгер көз салып жаткан. 16-мартта алар менен байланышта болгон адамдын дене табы көтөрүлгөнү белгилүү болуп, тиешелүү тест алынып, үч адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Алардын абалы жакшы, Жалал-Абад шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Чолпонбаев вирус табылган адам менен бирге учакта 135 адам учуп келгенин, учурда алардын ичинен 90 киши обсервацияга жаткырылганын кошумчалады. Азыр ооруган адамдар менен байланышта болгондор жана учактын башка жүргүнчүлөрү аныкталып жатат.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда, облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Ошондой эле умрага барып келген Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, коронавируска текшериш үчүн облустардагы ооруканаларга жаткырылды.

Парламент депутаты Алиярбек Абжалиев жалпы жыйында коронавирустун алдын алууда тоготпогон мамиле болуп жатканын билдирип, мындай мамиле жугуштуу илдеттин жайылып кетишине шарт түзөөрүн белгиледи:

«Менин жакын таанышым умрага барып, 12-мартта келген. Азыр телефондон сүйлөшсөм «12синде келип, үйүмө барып, бүт баары келип, сүйлөшүп, учурашканбыз» деди. Кечинде «Ак-Кемеге» барып жаткырышыптыр. Ошентип, баары аралашып кетти. Европада дагы тоготпогон мамиле кылып, бүгүн эң кооптуу аймак ошол жакта болуп жатат. Бизде дагы тоготпогондой мамиле болуп атат. Бул боюнча жакшылап карабасак болбойт».

Жогорку Кеңештин 18-марттагы жыйынында бир нече депутат коронавируска байланышкан чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын парламентте угууну сунуш кылды. Эл өкүлдөрү өкмөттүн маалыматын 19-мартта угууну чечишти.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирусту аныктоо жана жайылтпоо боюнча бардык шарттар бар экенин билдирип, калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бул маалымат белгилүү болору менен Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Эрмек Омошев.
Эрмек Омошев.
Райондун акими Эрмек Омошевдин айтымында, жарандык коргонуу комисиясынын чечиминин негизинде райондун аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тактап айтканда, коронавирус учуру катталган Благовещенка жана Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бири-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.

Ал ортодо парламентте бул боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуш кылды.

Учурда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча чечим кабыл алынат.

Кыргызстанда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб 17-мартка карата негизги эки чечимди кабыл алган. Штаб эпидемиологиялык абалга жараша коронавирус катталган өлкөлөрдүн категорияларын кайра карап чыгып, мурдагыдай үчкө эмес, экиге бөлдү.

Кыргызстанда коронавирус жугузгандар катталды

Ага ылайык, биринчи категорияга Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Белгия жана Австрия кирет. Башкача айтканда, кайсы өлкөдө коронавирус жугузган 1000ден көп адам катталса алар биринчи категорияга киргизилет. Экинчи топко вирус катталган өлкөлөрдүн баары кошулат. Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар атайын даярдалган ооруканаларда 14 күнгө чейин обсервацияда жатат. Экинчи категориядан келгендери эки жумага үй карантинге алынат.

Штаб андан тышкары Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылганын штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-марттагы басма сөз жыйынында билдирген:

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова
«Көп мамлекеттер ушундай чара көрүп жатышат. Коронавирус дүйнө жүзүнө тез тарап, биздин коңшу мамлекеттерден да чыккандыктан ушундай жол менен вирусту алдын алууну туура көрдүк. Бул чектөө жүк ташуучу автоунааларга тиешеси жок».

Өкмөттүн маалыматы боюнча буга чейин Сауд Арабиясындагы умра сапарынан 651 адам келген. Алардын баары үй карантинге алынган.

Азыркы маалда жер жүзүндө башкы маселеге айланган COVID-19 вирусу 190 миңге жакын адамга жукту. Бул дарттан жети миңден ашык адам каза болду. Учурда илдет бир катар мамлекеттерге тездик менен жайылып жаткандыктан чек аралар жабылып, өзгөчө кырдаал киргизилет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда 33 , ал эми Өзбекстанда 11 адам жуктуруп алды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

КоронаLIVE
  • USA 1,874,623
    USA
    Жуктургандар: 1,874,623
    Ооруп жаткандар: 1,145,338
    Айыккандар: 621,439
    Каза тапкандар: 107,846
  • Brazil 539,045
    Brazil
    Жуктургандар: 539,045
    Ооруп жаткандар: 297,479
    Айыккандар: 211,080
    Каза тапкандар: 30,486
  • Russia 423,741
    Russia
    Жуктургандар: 423,741
    Ооруп жаткандар: 231,719
    Айыккандар: 186,985
    Каза тапкандар: 5,037
  • Spain 287,012
    Spain
    Жуктургандар: 287,012
    Ооруп жаткандар: 259,885
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,127
  • UK 277,985
    UK
    Жуктургандар: 277,985
    Ооруп жаткандар: 238,616
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 39,369
  • Italy 233,515
    Italy
    Жуктургандар: 233,515
    Ооруп жаткандар: 39,893
    Айыккандар: 160,092
    Каза тапкандар: 33,530
  • India 198,706
    India
    Жуктургандар: 198,706
    Ооруп жаткандар: 97,581
    Айыккандар: 95,527
    Каза тапкандар: 5,598
  • France 189,220
    France
    Жуктургандар: 189,220
    Ооруп жаткандар: 91,468
    Айыккандар: 68,812
    Каза тапкандар: 28,940
  • Germany 184,064
    Germany
    Жуктургандар: 184,064
    Ооруп жаткандар: 9,015
    Айыккандар: 166,400
    Каза тапкандар: 8,649
  • Peru 170,039
    Peru
    Жуктургандар: 170,039
    Ооруп жаткандар: 96,898
    Айыккандар: 68,507
    Каза тапкандар: 4,634
  • Turkey 165,555
    Turkey
    Жуктургандар: 165,555
    Ооруп жаткандар: 31,049
    Айыккандар: 129,921
    Каза тапкандар: 4,585
  • Iran 157,562
    Iran
    Жуктургандар: 157,562
    Ооруп жаткандар: 26,543
    Айыккандар: 123,077
    Каза тапкандар: 7,942
  • Chile 108,686
    Chile
    Жуктургандар: 108,686
    Ооруп жаткандар: 62,552
    Айыккандар: 44,946
    Каза тапкандар: 1,188
  • Saudi Arabia 89,011
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 89,011
    Ооруп жаткандар: 22,672
    Айыккандар: 65,790
    Каза тапкандар: 549
  • China 83,022
    China
    Жуктургандар: 83,022
    Ооруп жаткандар: 73
    Айыккандар: 78,315
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 16,492
    Afghanistan
    Жуктургандар: 16,492
    Ооруп жаткандар: 14,772
    Айыккандар: 1,450
    Каза тапкандар: 270
  • Kazakhstan 11,571
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 11,571
    Ооруп жаткандар: 5,586
    Айыккандар: 5,941
    Каза тапкандар: 44
  • Tajikistan 4,100
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,100
    Ооруп жаткандар: 1,836
    Айыккандар: 2,217
    Каза тапкандар: 47
  • Uzbekistan 3,760
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 3,760
    Ооруп жаткандар: 837
    Айыккандар: 2,908
    Каза тапкандар: 15
  • Kyrgyzstan 1,845
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,845
    Ооруп жаткандар: 609
    Айыккандар: 1,219
    Каза тапкандар: 17
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close