ДүйнөКоомСпорт
Маанилүү

Коронавирус: Быйыл Олимпиада оюндары өтпөй калышы мүмкүн

Эл аралык олимпиада комитети 2020-жылкы Олимпиаданы өткөрүү боюнча дагы 2-3 айдан акыркы чечимге келет. Дүйнөлүк басылмалардын жазганына караганда, коронавирустун жайылышынан улам эң ири спорттук мелдештин өтпөй калуу же башка убакытка жылып кетүү коркунучу бар.

Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү Дик Паунд эгерде турнирди белгиленген убакта өткөрүүгө мүмкүн болбосо, анда болбой калышы мүмкүн экендигин айткан.

“Бул жаңы согуш, аны кабыл алуубузга туура келет. Ошол убакта эл келип баары көзөмөлдөбү, Токиого тынч барып келе алабызбы деп сурай башташат”, – дейт ал.

Олимпиада-2020 оюндары 24-июлдан 9-августка чейин Японияда өтүшү керек болчу.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button