Ден-соолук

Коронавирус: Бишкектеги абал

Бүгүн, 16-июлга карата Бишкек шаарында дагы 273 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен борбор калаада илдетке чалдыккандардын жалпы саны 5727 адамды түздү.

Бир суткада Бишкекте 273 учур катталса, 23 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Акыркы суткада өлкө боюнча жалпы 75 бейтап айыккан.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн жардам көрсөтүлүп жатат:

— Япония Кыргызстанга грант түрүндө 4,6 миллион долларга медициналык жабдууларды берүүнү пландаштырууда;

— Катар коронавирус менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам берүүнү пландап жатат;

— Россия тараптын Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча жардам көрсөтүү планы бар экенин элчилиги билдирди.

Ал эми 16-июндан 16-июлга чейин Бишкекте вирус жуктургандардын саны 7,3 эсеге өскөн. 16-июлда илдет жуктургандардын саны 783 адам болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 5727 адамга жетти.

https://static-2.akipress.org/st_gallery/38/999938.source.18866ebab71ddb7e74add603a951e16e.jpg

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте бир катар чектөөлөр киргизилген.

— коомдук транспорттор (троллейбус, автобус, кичи автобус, такси кызматы) иш күндөрү саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин каттайт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү иштебейт;

— кафе, ресторан, тамактануучу жайларга эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гөчейин иштөөгө уруксат берилет;

— чоң дүкөндөр, соода борборлор жумуш убактысын өзгөртүшү керек. Тактап айтканда, саат 07:00дөн 19:00гө чейин иштөө режимине өтүүсү зарыл;

— шаардагы бардык базарлар күн сайын эртең мененки саат 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Ишмердүүлүгү чектелген тармактар:

— велосипеддерди ижарага берген пункттар, балдар аянтчалары жана батуттар;

— тойкана, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка көңүл ачуучу жайлар;

— балдарды ойнотуучу жайлар, футбол талаалары жана оюн аянтчалары;

— Ошондой эле мэрия парк, сквер, бульварларда, аянттарда эс алууну чектейт.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close