Ден-соолукКоом
Коронавирус: Бишкекке Ухандан 18 кыргыз студенти алынып келинди

Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан 18 студент алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда атайын борт менен Казакстандын Нур-Султан шаары аркылуу 18 кыргыз студенти Бишкекке алынып келинди.
«Алардын баары аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өттү. Ушул тапта алар Бишкек шаарынын четиндеги ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти министрликтен.
Карантин мезгилинде Ухандан алынып келинген жарандар менен бир гана медицина кызматкерлери байланышта болуп турушат.
«Кошумча маалыматты КР Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынан алууга болот: 01312 66-06-63», — деп айтылат маалыматта.