Ден-соолукКоом

Коронавирус аныкталып, реанимацияда жаткан 6 бейтаптан пневмония байкалууда

Коронавирус илдетине чалдыгып, учурда реанимацияда жаткан алты адамда өпкөнүн сезгенүүсү (пневмония) байкалууда. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, айрымдарына кычкылтек өзгөчө зарыл болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

26-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандар катталган жок. 18-25-мартта Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86 жашта. Реанимациядагы алты адамдан башкаларынын абалы орточо жана канааттандырарлык.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close