Ден-соолук

Коронавирус 60 кишиден аныкталды. Бардыгы 1722ге жетти

Бүгүн, 30-майга карата бир сутка ичинде коронавирустан 25 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды, ал эми жаңы жуктуруп алган 60 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айыгып чыккандар: Бишкек шаарында 15 жана Нарын облусунда 10.

Муну менен республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1113 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ал эми СOVID-19 инфекциясынын жаңы 60 учур катталды:

Бишкек шаары – 23
Чүй облусу -1
Нарын облусу – 32.

Россиядан келгендендин ичинен 5 бейтап аныкталды. Жалпысынан 1722 адамга жетти.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close