Дүйнө

Коронавирус өмүрүн алган кишилердин саны үч миңден ашты

Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 89 071ден ашты. 2019-жылдын декабрында Кытайдан чыккан бул оору 63 өлкөгө тарады.

WorldOmeter ресурсунун 1-мартта саат 9:00гө карата тараткан маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясы 3046 кишинин өмүрүн жалмады. Аны жугузуп алган 45 113 адам сакайды.

Италияда соңку бир суткада 500дөн ашуун киши дартка чалдыгып, оорулуулардын саны бул өлкөдө 1700гө жетти. Алардын 34ү жашоо менен кош айтышты.

Чехия өкмөтү жекшемби күнү бул вирусту жугузуп алган үч адам аныкталганын билдирди. Алар – эки чех, бир АКШ жараны, Италиянын үч башка аймагынан келишкен.

Париждеги белгилүү Лувр музейи коронавирус коркунучунан улам 1-мартта ачылган жок. Музейдин кызматкерлери жумушка чыкпоону чечишти.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button