Окуялар
Маанилүү

Кордайдагы башаламандыкта 8 адам каза болду

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктар учурунда сегиз адам каза болуп, ондогондору жараат алды. Бул тууралуу Казакстандын ички министри Ерлан Тургымбаев билдирди. Анын айтымында, эки полиция кызматкерине ок тийип, жараат алган. 30дан ашык турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Кырдаалды курчутууга шектелип 47 адам кармалып, алардан эки аңчылык мылтыгы алынган.

Министр “бардык күнөөлүүлөр жоопко тартыларын” билдирди.

7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана башка бир нече айылдарда жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгон. Анын себеби учурда расмий айтыла элек.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 8-февралда кайрылуу жасап, жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

Казакстандын Кордай районундагы жаңжал чыккан айылдар Кыргызстандын Токмок шаарына жакын. Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак чек ара бөлүгүндө чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.

Чек ара кызматы жаңжалдан соң “Кең-Булун ” жана “Токмок ” өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанды көздөй жарандардын саны көбөйгөнүн кабарлады. Алардын көпчүлүгү балдар.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул окуядан соң Токмок шаардык ооруканасына 18 адам кайрылганын кабарлады. Алардын 17си казакстандык, ал эми бирөө кыргызстандык.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button