БийликЖогорку Кеңеш

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгынан Суваналиев бошотулуп, Жаныбек Капаров дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Суваналиев Өмүрбек Исакович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ошондрй эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Капаров Жаныбек Акматович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

 

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт