Дүйнө
Маанилүү

Колумбияда ар апта сайын 2 же 3 киши Исламга өтүүдө

Бул тууралуу Колумбиянын борбор шаары Боготадагы Имам Эл Куртуби институтунун башчысы Ильяс Марзоугуи маалымат берди.

Колумбиянын борбор шаары Боготадагы Имам Эл Куртуби институтунун башчысы Ильяс Марзоугуи Колумбияда ар апта сайын 2 же 3 кишинин мусулмандыкты кабыл алып жатканы билдирилди:

«Бул жерде Мусулман болгон бир топ адам бар. Колумбияда ар апта сайын 2 же 3 киши мусулмандыкты кабыл алууда. Көпчүлүгү колумбиялык окуучулар. Жамаатыбыздын 70-80 пайызы Исламга кийин киргендерден турат»,-деди.

Боготада өзгөчө Имам Куртуби меситине кирген мусулмандардын көпчүлүгүнүн 15-40 жаш аралыгындагы Исламды тандаган кишилерден турганын айткан Марзоугуи, ортоңку экономикалык катмардан келген бул муундун Исламга аябай кызыккандарын түшүндүрдү.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт