КоомМыйзам жана укук

«Колдоруна шал тийсин»: Гапар Айтиевдин сүрөтүн боёп кетишти

Белгилүү сүрөтчү Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасындагы сүрөтүн белгисиз адамдар кара боёк менен боёп кетишти. Социалдык тармактын колдонуучулары бул ишти жасаган адамдарды каргап жатышат. Фейсбук колдонуучусу:

«Маданиятты, билим берүүнү өнүктүрбөсөк дал ушундай жыйынтык алабыз. Үйү шаардын ортосунда каралбай турат. Окуучулар дайыма тосмодон аттап үйгө киришет. Мен ар дайым аларга Айтиев жөнүндө айтып берем. Балким бул бир нерсени өзгөртөт», — деп жазган.

Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрь күнү Ош облусундагы Араван районунун Төлөйкан айылында төрөлгөн. Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев 1984-жылы 72 жаш курагында каза болгон.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт