АналитикаОкуялар
Маанилүү

Кландардын тиреши: Жээнбековдор менен Матраимовдордон ырк кеттиби?

Эсиңиздерде болсо, мындан 6 ай мурда тагыраагы, 2019-жылдын 23-сентябрь күнү Ош мэриясынын Спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев менен Төлөгөн Рахманберди уулу экөөнүн ортосунда ок атышуу болуп, Төлөгөн Рахманберди уулу бутка ок жеген. Андан тышкары, Кылыч Саркарбаев дагы жаракат алган. Бул окуядан кийин Саркарбаев дайынсыз болуп кеткен. Андан көп өтпөй Төлөгөн Рахманберди уулу ага карата курал колдонду делген Кылыч Саркарбаев менен көп жылдардан бери дос мамиле экенин билдирген эле.
Бул коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, Кылычбек Саркарбаевдин жоопко тартылбай жатканы нааразычылыктарды жараткан. А күч органдары болсо, коомчулуктун көңүлүн бурган мындай окуяга көз жумуп коюшкан эле.
Ал эми 14-февралда социалдык тармактарга спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылган видеосу тараган:

View this post on Instagram

2019-жылдын 22-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Ал атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышкан. Бирок, Рахманберди уулу бул маалыматты төгүндөгөн. Ал тапанчаны кармап олтуруп кокустан өзүнүн бутуна өзү атып алганын айтып чыккан. Бирок 14-февральда Фейсбукта Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылган тасмасы жарыяланды. Анда ал Нурбек Раимбековдун адамдары тарабынан коркутуулар болуп жатканын айткан. Ага кошумча Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев да бутуна мылтык менен атканын билдирген. Ошондой эле, бүгүнкү күндө балдак менен басып жүргөнүнө карабай, Матраимовдордун адамдары коркутууларын уланып жатканын маалымдаган. Айта кетсек, Төлөгөн Рахманберди уулу эрежесиз мушташтын чебери, бир-нече дүйнө биринчиликтеринин чемпиону. Муну менен катар Рахманберди уулунун крим чөйрөдө да аты аталып келет. Анын “казак” каймана аты менен белгилүү болгон крим афторитеттин чөйрөсүнөн экенин жазгандар бар.

A post shared by UA.KG – Жаңы маалымат булагы! (@ua.kg) on

Спортчу өзүнө эки ирет куралдуу кол салуу болгонун билдирип, видео кайрылуусунда Кылыч Саркарбаевдин да атын атаган. Анын артынан Алайдагы Төлөгөн Рахманберди уулунун айылдаштары президентке кайрылышкан.
Мындан улам Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган. Ал мушкер Төлөгөн Рахманберди уулунун айткандары негизсиз экенин билдирип, ага карата айтылган айыптоолор бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн жасалып жатышы мүмкүн экенин айткан.

Ал окуяларга удаа 15-февраль күнү 1996-жылы туулган Кимсанов Эмирбек аттуу жаран социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу анын бир тууган агасына — Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Ишкаван айылынын жашоочусу Кимсанов Эмилбекке жана анын жубайы Заворотная Марияга карата коркутуулар болуп жатканын билдирген эле.

Ошол Кылычбек Саркарбаев Сүйүнбек Өмүрзаков таптаган балдардын бири экени жана да ал кийин Матраимовдорго таандык делген “Erem” спорттук клубуна өтүп, Матраимовдордун жан сакчыларынын башында турган ишенимдүү кишилеринин бири катары коомчулукта айтылып жүрөт. 5-6 ай мурда болгон “разборканын” коомчулукка чыгып кетиши жана күч органдарынын мурда көрмөксөн болуп койгон окуяга тездик менен реакция жасап жатышы эмнеден кабар бериши мүмкүн?
Бийликтин ишараты жок кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү мындай кадамдарга баруусу мүмкүн эмес эле. Демек, Жээнбековдор менен Матраимовдордун кланы өз ара президентке болгон таасир талаштын айынан ачык эле күрөш жүргүзө баштады” деген кептер айтыла баштады.
Эгер чын эле эки кландын кармашы башталган болсо, жазга чукул Раим Матраимовду камашат. Себеп, элдин толкунун басыш керек. Мындай планга Раим Матраимов макул боло албайт. Демек, камалбоого баардык күчүн жумшайт. Мындай болсо кармаш кызуу болот. Бул болуп жаткан окуялар тээ Бакиев доорундагы Жаныш менен Максимдин президентке болгон таасир талашын жана анын натыйжасында болуп өткөн окуяларды аргасыз эске салат. Кырдаал ушул нукта курчуп отуруп, Оюндан от чыгат болуп, ошо бойдон оӊкосунан кетпесе болду…
Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close