Илим-БилимКоом

Китептин да тою болот, болгондо да өзгөчө

2020-жылдын 14-февралында, борбор калаанын той каналарынын биринде “Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө” карата “Инсандык өнүгүү” клубу жана “Данек” китепканасы менен биргеликте уюштурулган “Китеп дүйнөсүнө саякат” аталышындагы китеп той кечеси болуп өттү. Билет баасы 250 сом жана калпак жоолуктун ордуна бир китеп.

Саат 17:30га чакырылган бул тойго саат 17:00дөн 19:00гө чейин элдин агымы токтобой жатты. 500 адамга ылайыкталган отургучтарга элдин жарымы гана отура алды. Болжол менен 700дөн ашуун эл келди. Алгач биз барганыбызда эле орундуктар калбай калыптыр. Ичине кирип эле билимге, китепке, руханий дүйнөсүн байытууга келген жаштарды көрө алдык.

Алып баруучу жаш акын Акбар Кубанычбеков болду, белгилүү спикерлер Маданият маалымат жана туризм министиринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, белгилүү акындар Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүнүн окуу борбору “Нур” академиясынын окуучулары менен, ырчы жана кыякчы Залина Касымова, Айбек Саралаев ж.б. белгилүү инсандар келди.
Акындардын поэзия мүнөттөрү, кызыктуу оюндар, концерттик программа, фуршет, китеп жарманкеси менен коштолду.

Жана 12-февраль күнү Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү” китебинин негизинде өткөн “Китеп Time” оюнундагы жеңүүчү командаларга сыйлыктар ыйгарылды.
Кыргызстандын чыгаан, билимдүү жаштарынын башын бириктирген бул иш чара чынында эле көпчүлүктүн руханий дүйнөсүн эс алдырып, байытып, көңүлдүү маанай менен жыйынтыкталды.

Зыягүл Инашова, 14-февраль, 2020-жыл

Толугу менен
Back to top button