Коом

Керимбек Калыкулов ОшТВнын башкы директору болуп дайындалды

Керимбек Калыкулов ОшТВ телеканалына башкы директор болуп кайра дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Калыкулов өзү тастыктады.

Ал 2020-жылдын январь-октябрь айларында ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директору болуп иштеген. Октябрдагы саясий башаламандыктан соң бийлик алмашып, 19-октябрда ЭлТРдин жетекчиси кызматынан бошотулган эле.

Жамааттын басымдуу бөлүгү аны колдоп, өкмөттөн кызматтан кетирбөөнү суранышкан, аны колдогон бир канча акциялар уюштурган.

39 жаштагы Керим Калыкулов ОшМУнун студенттик “Нур” гезитинде башкы редактор, окуу жайдын “Үмүт” телестудиясында директор, ОшМУда окутуучу, өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитинин башкы редакторунун орун басары кызматында иштеген. Ош шаардык “Ош шамы” гезитинин башкы редактору, Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун маалымат кызматын, ОшТВ телеканалын жетектеген.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт