КоомОкуялар
Маанилүү

Кечирим сураган дарыгерди #БекТур хэштеги менен колдоо акциясы жүрүп жатат

Дарыгерди мажбурлап кечирим суратышканбы? Социалдык тармактарда #БекТур хэштеги менен дарыгерди колдоо акциясы башталды.

Эске салсак, буга чейин Бектур Апышев аттуу жаш дарыгер медициналык маскалар жетишпей, ага дакиден жасалган маска берилгенин Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. Соцтармактарда анын билдирүүсү талкууга алына баштаган.

Аз өтпөй ал, баракчасына “Твит үчүн жетекчилик чакырды. Макташ үчүн эмес албетте. Жакшы дегенде маска беришет. Жаман дегенде жумушсуздардын катарын толуктайм,” – деп жазган.

Кийин Бектур Апышевдин кечирим сураган видеосу таркады. Видеодо ал, туура эмес маалымат таркатканы үчүн кечирим сурап жатканын көрүүгө болот. Коомчулукта жаш дарыгерди мажбурлап кечирим суратышты деген ой басымдуу болуп, бийлик сынга кабылып жаткан учур.

Урматтуу ГКНБ!"Кечирим сурайм" сериялын токтоткула! ВРАЧТАРГА ТИЙБЕГИЛЕ!!!#БекТур

Опубликовано Stella Sultan Воскресенье, 12 апреля 2020 г.

Учурда #БекТур хэштеги менен жаш дарыгерге колдоо көрсөтүү акциясы соцтармактарда жүрүп жатат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт