ВидеоОкуялар

Казакстанда жүргүнчүлөрү бар автобус жарга кулады

Казакстандын Темиртау аймагында жүргүнчүлөр менен бара жаткан автобус ала салып кетти.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, кырсыктан 5 адам ар кандай дэңгээлде жаракат алган. Алардын төртөөнү медициналык тез жардам кызматы ооруканага жеткирсе, бири кийинчерээк өзү дарыгерлерге кайрылган.

Болжолдуу маалымат боюнча, 27-майда кечинде 33 жаштагы айдоочу башкарууну жоготуп, жолдон чыккан автобус жарга кулаган. Автобустун ичинде 19 адам болгон.

Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык түйүндөргө тарады. Учурда бул факт боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close