Дүйнө

Казакстанда коронавирус жуктургандар миңге чукулдады

Бүгүн, 13-апрелде саат 09:00гө карата Казакстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Кызыл-Ордо облусунда (1 адам), Алматы (7 адам) жана Нур-Султан (2 адам) шаарларында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 961 адамга жетти.

Алардын ичинен:

— 253 адам Нур-Султанда;

— 172 адам Алматыда;

— 65 адам Караганда облусунда;

— 71 адам Акмола облусунда;

— 59 адам Атырау облусунда;

— 46 адам Жамбыл облусунда;

— 38 адам Шымкент шаарында;

— 6 адам Чыгыш Казакстан облусунда;

— 21 адам Алматы облусунда;

— 21 адам Актөбө облусунда;

— 25 адам Түндүк Казакстан облусунда;

— 10 адам Павлодар облусунда;

— 10 адам Мангистау облусунда;

— 119 адам Кызыл-Ордо облусунда;

— 9 адам Батыш Казакстан облусунда;

— 43 адам Түркстан облусунда;

— 3 адам Костанай облусунда.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт