Аналитика
Маанилүү

Казак туугандар Талас согушу болуп өткөн жайды Жамбылга көчүргүсү келип жатат

Түрк цивилизациясынын өнүгүүсүнү стратегиясын аныктаган 8-кылымда Тараз шаарынын жанында Талас салгылашуусу болуп өткөн жер туризм объектисине айланмакчы. Бул тууралуу "Казинформ" агенттиги билдирет 

Биздин замандын 751-жылы Орто кылымдагы эң эле күчтүү делген мамлекеттердин бири — Кытайдын Таң империясынын жана Түргөш Кагандыгы колдогон Аббасиддердин Халифатынын ортосунда кандуу салгылашуу болгон. Бул дүйнөлүк согуштардын тарыхын жазган дээрлик бардык жыйнактарында айтылган. Тарыхтагы жападан-жалгыз арап-кытай салгылашуусу ошол кездеги атактуу Улуу Жибек Жолунун негизги борборлорунун бири болгон Байыркы Тараз шаарлары менен курчалган Атлах шаарына жакын Талас дарыясынын жээгинде болгон. Демек, бул салгылаш кээде «Атлах» согушу деп да аталат. Тарых илиминде Талас (Атлах) согушунун бүткүл дүйнөлүк тарых үчүн жана андан кийин ислам цивилизациясы пайда болгон Казакстан үчүн да маанилүү болуп саналат.

Жамбыл облусунун облустук администрациясынан белгилешкендей, 751-жылы Атлах согушу Тараздан 25 чакырым алыстыкта ​​болгон деп болжолдонууда. Бул тууралуу белгилүү окумуштуу тарыхчы Махмуд Кашгари «Атлах — Тараздын жанындагы шаардын аты» деп жазат. Орус окумуштуу-археологу Александр Бернштамдын айтуусу боюнча Атлахтын калдыгы Жоонтөбө айылы, ал чептен жана шаардын калдыктарын адырга айлантып, 280 х 140 метр янтты ээлейт. Анын тегерегинде дөбө, андан ары — айдоо аянттары бар.»

Облустук акимчилик тарабынан Казак хандыгынын тарыхый паркын түзүү жана Атлах согушун түбөлүккө калтыруу боюнча пландар иштелип жатат.

Ачык асман алдында тарыхый каармандар менен, скульптуралык элементтерди кошуп музей түзүү планы бар экенин билдирет облус башчысы Аскар Мырзахметов:

Мисалы, Талас согушун тарыхый калыбына келтирүү идеясы бар. Жаштар байыркы доордогу тарыхый окуяларды өз көзү менен көрүп, элестете турган музей түзүүнү пландап жатабыз. Анткени, тарыхты окуу китептеринен гана эмес, иллюстрациялык мисалдардын, экспонаттардын, музей экспонаттарынын жана көркөм чыгармалардын жардамы менен үйрөнөбүз. Мындан тышкары, шаарыбыздын коноктору, айрыкча чет элдик коноктор үчүн, Казак Каганатынын Тарыхы Музейи үчүн менимче, бул жер абдан ыңгайлуу болмок.

Талас салгылашуусу жана анын мааниси

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу — Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты жол беришкен эмес.

VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли-Линь-Фу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын1 (Западный край) башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи2 баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырды. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеп, анын башкаруучусу Мохэдуну туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген. Тан бул жерлерде шаарларды, кыштактарды тоноп, элге оор салык салуу менен бирге өздөрү менен кошо түрктөрдүн ак сөөк уругу жана падышалык улуу дөөлөтү аталган ашина түрктөрүнүн урпагы Ашина Сянды марионет каган катары ала келишкен эле3.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечти. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавереннагрда, Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан отряды да кошо келген4.

Бул кырдаал Гао Сяньчжини Таласка карай кайрадан аттанууга мажбур кылып, анын 100 миң солдаттан турган армиясы Суябдан Чүй өрөөнүнүн түздүктөрү аркылуу Таласка жөнөп кеткен5. Кытай армиясынын курамында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк отряддары6, кучалыктар, кашкарлыктар жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон делинет булактарда7.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында8 эки зор армиянын тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Булактарга караганда Талас суусунун эки жээгинде эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки зор армия бири-бирине даай алышпай 4 күн турушкан делет9. Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар10 чечти. Жети-Суунун түндүк чектеринде жашап жаткан карлук урууларынын башчысы Жабгу кытай баскынчыларына каршы күрөштөрдө азырынча алсыз болуп, ошондуктан алар арабдарга жардам берүүгө кам уруп жатышкан эле. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу.

Кытай аскеринин тылынан сокку урууда чигилдерден чыккан Ябгу өзү баштап согушка кирген. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган солдаттарды карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алды. Бирок, ошол мезгилде Талас суусунан араб аскерлери өтө баштап, кытайлардын фронт жагынан чабуулга кирди. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн-Саббахты, арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө11 жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган болучу.

Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн12. Гао Сяньчжи бир аз гана отряды менен качып кетүүгө үлгүрдү. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Кучага (Аньси) жете алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр…

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырында алардын этно-маданий өнүгүүсүнүн багыттарын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган13. Талас салгылашуусунун тарыхый маанисин бир нече белгилерге бөлсө болот.

Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын14 жана “Күн чыгыш” өлкөсүнүн Борбор-Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн15 миң жылга чейин токтоткон.

Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго багыт алган16. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат.

Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берди. Эми, 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштады. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган. [1]

 

Автору
[1] Ташманбет Кененсариев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор
Булак
zakon.kz
Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт