Дүйнө

Каза болгондор, жаракат алгандар бар. Казакстандын президенти Жамбыл облусундагы чырга байланыштуу билдирүү таратты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунда чыккан чырга байланыштуу билдирүү таратты. Төмөндө билдирүүнүн тексти:

“Урматтуу казакстандыктар!

Бүгүн түнү Жамбыл облусунун Кордай районундагы бир нече айылдарда жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташтар болуп өттү.

Провокаторлор мындай жагдайдан пайдаланып калгысы келишти.

Тилекке каршы, каза болгондор, жаракат алгандар бар. Көз жумгандардын жакындарына чын дилимден көңүл айтам. Жаракат алгандар эртерээк айыгып кетишин каалайм. Учурда абал полиция менен Улуттук гвардиянын көзөмөлүндө турат. Бул чырдын кесепеттерип жоюу боюнча мамлекеттик органдар ыкчам чараларды көрүшү зарыл”.

Казак президенти мындан сырткары, бул жагдай боюнча өкмөттүк комиссия түзүү, тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Эске салсак, кечээ, 7-февралда Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Масанчи айылында ок атышуу коштолгон массалык мушташ чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, чыр улут аралык араздашуудан улам чыккан. Казак полициясы чыр токтогонун, жагдай көзөмөлдө экендигин билдирген.

“Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болду. Полициянын күчү менен мушташ токтотулду”, – деп айтылат маалыматта. Бирок, чыр эмнеден улам чыккандыгын жана ар улуттун өкүлдөрү ортосунда болгондугун билдире элек.

Жамбыл облусунун полициясы бейбаштык беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле, социалдык тармактар аркылуу унаалардын талкаланып, үйлөрдүн өрттөнүп жатканы жана ок атышуу угулуп жаткан фото-видеолор таркап жатат. Канча киши каза болгону, жаракат алганы тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Бирок социалдык тармактарда 60тай адамдын ооруканага жеткирилгени айтылууда.

Белгилей кетсек, Масанчи айылы Кыргызстанга чектеш жайгашкан айыл. Бул айыл менен Кыргызстандын Токмок шаарын Чүй дарыясы бөлүп турат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button