БийликӨкмөтПрезидент

Карантин бүткөнгө чейин ачылышы пландалбаган жайлар (тизме)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.

Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды.

Бишкек шаарынын комендатурасы билдиргендей, ӨА режимин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылгандыгына байланыштуу – буга чейин берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат.

Өткөрмө кагаз алууга муктаж болгон жарандар 1312.tunduk.kg порталынан онлайн билдирме тапшырса болот.

  • балдар бакчалары жана кошумча билим алуу боюнча ар кандай секциялар;
  • мектептер, ЖОЖдор, орто окуу жайлары, колледждер, кесиптик окуу жайлар ишин дистанттык режимде улантат;
  • оюн-зоок мекемелери, соода-сатык борборлору, дүкөндөр, ири базарлар, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.

Азык-түлүк дүкөндөрү жана жашоого керектүү товарлар сатылган базарлар, дарыканалар өз ишин улантат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close