ВидеоДен-соолукКоом

Караганды шаары карантинге алынды

Казакстан коронавирустун тарашын токтотуу аракетинде бешинчи чоң шаарын жапты. Карагандыда 29-мартта вируска кабылган жети киши аныкталгандан кийиш калаа жана айланасындагы айыл-кыштактарга кирип-чыгуу чектелди. Ушуну менен өлкөдө коронавируска чалдыккан кишилердин саны 265 болду. Бир бейтап көз жумду. Буга чейин Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Актау шаарлары карантинге алынган.

Өзбекстанда ушул эле жекшембиде илдеттин дагы 29 учуру катталып, коронавируска кабылгандар 133кө жетти. Эки киши илдеттен көз жумганын Саламатык сактоо министрлиги маалымдады. Борбор калаа Ташкентке кирип-чыгуу 24-мартта жабылган. Ар бир киши беткап тагынып жүрүүгө милдеттүү.

Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстан вируска кабылгандар жок деп расмий айтып келишет. Бирок эксперттер бул маалыматка күмөн саноо менен карашат.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт