Дүйнө
Маанилүү

Карабах чыры: Азербайжан менен Армения согуш отун токтотууну чечишти

Тараптардын Москва шаарында өткөн сүйлөшүүлөрү 10 сааттан ашык убакытка созулуп, толугу менен жабык форматта өттү.

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Москва шаарында жолугушуп, бүгүн саат 12:00дөн тарта Тоолуу Карабахтагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип “Известия” басылмасы жазды.

“Атышууну токтотуунун шарттары боюнча кошумча сүйлөшүүлөр болот. Ошондой эле тараптар туткундарды алмашат. Мындан ары Баку менен Ереван Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин теңтөрагаларынын катышуусунда абалды жөнгө салууга киришмекчи”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тараптардын Москва шаарында өткөн сүйлөшүүлөрү 10 сааттан ашык убакытка созулуп, толугу менен жабык форматта өттү.

Карабах окуясы

27-сентябрга караган түнү Армения Азербайжан менен чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгарып, таң аткыча аскердик кагылышууларга жеткен. Ошондон бери атышуулар токтобой, эки тарап абалга бири-бирин күнөөлөп келет.

Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты

Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Карабах чыры. Азербайжандык MMA мушкери армияга чакырылды

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button