Дүйнө

Каныша Елизавета II коронавируска байланыштуу кайрылуу жасады

Жекшембиде кечинде королева Елизавета II элге кайрылуу менен чыгып, коронавирус пандемиясы маалында өзүн башкалардан оолак кармоо жана чечкиндүүлүк маанилүү экенин белгиледи.

Жашоо ыргагы бузулуп, британдыктардын моюнуна оорчулуктар жүктөлгөн оңой эмес учур болуп турат деди королева.

«Алдыда биз бул кыйынчылыктарды кандай тосуп алганыбыз мени сыймыкка бөлөйт деп үмүттөнөм. Бизден кийин келгендер: британдыктардын бул мууну дагы мурункулар сыяктуу күчтүү болгон экен деп айтат».

Королеванын кайрылуусу Виндзор аксарайында жазылып алынган. 93 жаштагы монарх бул жерде өзүн изоляцияда кармап олтурат. Кайрылууну жазып алганга атайын коргоочу костюм кийген бир гана оператор барган.

«Биз мурда дагы кыйынчылыктарды жеңип келгенбиз. Бул жолу бир айырмачылык бар,-деп белгилдеди королева. -Бул жолу илимдин улуу жетишкендиктерин, шыпаа табууга болгон табигый тилектештигибизди колдонуп, планетадагы бүтүндөй өлкөлөр күч-аракетибизди бириктирдик». «Жакшы күндөр кайрылып келет» деди Елизавета II.

Би-Би-Си кабарчысы Николас Уитчелл белгилегендей, мындай кайрылуу элдин моралдык рухун көтөрүү максатында премьер-министрдин кеңсеси менен кеңешкенден кийин кабыл алынган.

Өкмөт башчы Борис Жонсондун өзүнөн дагы коронавирус табылып, ооруканага которулду. Жекшембиде Британияда коронавирус инфекциясынан 4934 киши көз жумду, Covid-19 аныкталгандар саны 48 миңге чукулдады.

Британ тактысынын мураскору 71 жаштагы канзаада Чарльз Covid-19 вирусунун жеңил түрүнө кабылып, өзүн бир топ күн изоляцияда кармады.

Би-Би-Си кабарчысы Жонни Даймонд белгилегендей, буга чейин королева төрт гана ирет кайрылуу жасаган. Алардын баарынын максаты — элди биримдикке чакыруу болгон.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт