ВидеоСаясат
Маанилүү

Канат Исаев: «Мен президенттин кетишине каршымын»

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев 10-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында "кворум болгон жок" деп эсептейт. Бул тууралуу депутат Исаев 11-октябрда “Азаттык” менен болгон маегинде айтты. Ал регламент боюнча жыйында кеминде 61 депутат болушу зарылдыгын, жыйынга анча депутат катышпаганын, андыктан “Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы күмөн жаратарын” белгиледи.

“Жогорку Кеңештин жыйыны кворумсуз өткөрүлдү. Демек, кворум болбогондуктан жыйын мыйзамдуу күчкө ээ эмес.”, — деди Исаев.

Ал ошондой эле ишеним каттарга байланыштуу да суроолор бар экенин, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына “Кыргызстан” фракциясынан 10дон ашуун депутат катышпаганын, өзү да эч кимге ишеним кат бербегенин, президенттин арыз жазып кетишине каршы экенин кошумчалады.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт