БийликВидеоЖогорку КеңешСаясат
Маанилүү

Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбековдун ортосунда кайым айтышуу болду

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн жаңы курамы каралды. Мында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбеков кер мур айтыша кетти.

Алгач Жолдошбаев өкмөттүн курамына берилчү суроо-жоопту саат 13.00гө чейин бүтүрүүнү сунуштап:

«Коронавирус бүгүн 10 адамга аз чыгыптыр, Кубатбек Айылчиевич эртерээк барып ушулар менен алектенип иштесин да. Мүмкүн болсо түшкө чейин карап бүтүрсөк. Депутаттар мага келип «ушуну айтып коюңузчу» деп суранды. Карала турган мыйзам долбоорлору толтура», — деди.

Мындай сөздү күтпөгөнбү Момбеков:

«Кышында «балдар үшүп жатат кетели» деп Жогорку Кеңешти бир жолу уят кылдыңыз. Эми эмне балдарыңыз ысып атабы? Мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле да. Абылгазиевди кошомат кылып жүрүп кетирдиңер го. Токтотууну сизден ким суранып жатат? Алардын өз оозу бар, өздөрү айтсын, сизден суранган жок. Токтотуңуз, кошомат кылганды! Картайганда калыс сөзүңүздү айтпай, алыс сөзүңүздү айтасыз», — деп катуу какты.

Парламент төрагасы Дастан Жумабеков Камчыбек Жолдошбаевдин «жыйынды эртерээк аяктоо» боюнча сунушун добуш берүүгө койду. Сунушту көпчүлүк депутаттар колдоду.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат. Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка сунушталган Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close