Саясат
Маанилүү

Калмаматовду камоо аракеттери башталдыбы?

Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына үч жарым жылдын жүзү болду. Анын негизги саясий программаларынан бири коррупциянын тамырын кыркып, сол чөнтөккө кеткен акчаларды казынага кайтаруу болчу. Бирок, коррупцияга каршы күрөш боюнча бийлик имитация кылып жатканын, президентте жемкорлор менен күрөшүүгө моралдык укугу калбаганын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов  ачык сындап чыккан эле. 

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, бийликке карата, ачык сын айтып, башка оппозиция өкүлдөрүнөн айырмаланып президенттин жана анын айланасындагылардын аттарын ачык атап келаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовго карата кысым башталганы жатыптыр. Ошол эле кезде экс-депутаттын айткандары айрым ууру-коррупционерлердин, Жогорку Кеңешке келүүгө белсенип жаткан олигархтардын түн уйкусун бузуп, аны жалган жалаа менен болсо да кармап, камакка алуу боюнча карөзгөй пландарды түзүп жатышканын белгилешүүдө. Ал кечээ жакында өмүрүнө коркунуч келип жатканы боюнча “Adam Sayak” ютуб каналына интервью берип жатып токтолгон. Буга чейин анын социалдык тармактагы өздүк баракчасы белгисиз себептерден улам кирүүгө мүмкүн болбой калганын айтып чыккан. Эми минтип, бул айтылгандар өз чындыгына жете турганга окшоп калды көрүнөт.

Анын куугунтукка алынышы мүмкүн экендигин, акыркы болуп жаткан саясий кырдаалга көз салып турган ар бир жаран баамдай алат. Анткени, “Азаттыктын” эфиринен, түрдүү телеканалдарга жана блогерлерге берген маектеринде эч ким атын атай албай жаткан президенттин “шалаакылыгын” катуу сынга алып, жүйөөлүү аргументтерди келтирип, ар бир айтканын далилдүү мисалдары менен түшүндүргөнү маалым.

Калмаматов берген маектеринде негизинен, президенттин коррупцияга каршы күрөшүү моралдык укугунан ажыраганын, Матраимовдордун камалбай жатышын жана келе жаткан парламент азыркыдан 100 эсе жаман болорун айтып, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралып жаткан жагдайларды бир-нече жолу эскерткен. Президент “айланасындагы коррупционер, ууру, олигарх, бандит жана кландардын туткунунда калганын, өзү болсо бийликти узурпациялап алганын кошумчалаган. Мындан келди, аны куугунтукка алууга бир эле бийликтин эле эмес, башка күчтөрдүн да кызыктар экенин, бул чабуулдун артын ким турганын айтпасак да белгилүү да…

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button