БийликВидеоӨкмөтСаясат
Маанилүү

Калмаматов: «Камабайсыңарбы? Чолпонбек эркин жүрөт го дагы деле?!»

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматовдун журналист Азирет Осмоновдун инстаграм баракчасындагы кайрылуусу коомдук тармактарда кызуу талкууга алына баштады. Анда экс-депутат коомдогу акыркы болуп жаткан кырдаалага саясий өңүттөн баа берип, президент Сооронбай Жээнбековго нааразычылыгын айтты:

Урматтуу президент! 5 жолу коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдүңүз. Бирок сизди эч ким укккан жок. Тоготушпады.  Жаныңыздагылар рейтингиңиз өсүп жатат, элде титиреп калды деп жатышат. Кол астыңыздагылар укпай жатса, коопсуздук кеңешиндеги чечимдериңизди аткарбай жатса… сиз канча адамдарга айттыңыз бул маселелер боюнча чара көргүлө деп. Жогорку Кеңештин депутаттарына «Космобекти неге жумуштан алдыңар?» десе «өзүнүн арызы менен» дейт. Мээңер ордундабы?

Президент орусча айтканда «чистейший саботаж» деди. Генпрокуратура каякта? Иш козгобойбу? Шалаалыкылык деген берене бар, камабайсыңарбы? Адамдар ушул берене менен түрмөдө отурат, а Чолпонбек эшикте эркин жүрөт го дагы деле?!  — деди Калмаматов

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button