Саясат
Маанилүү

Калмаматов: Эмилбек Саламатович айтып жаткандар «Столба гүлдөйт, бука тууйт» дегендей эле

Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң курч маселелердин сап башында дале болсо коррупция турат деп эсептешет. Бул тууралуу Эл аралык Республикалык институт жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Өлкө бийлиги коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын айтканы менен Жемкордукка каршы күрөштүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев президент “айланасындагы адамдардын туткунунда” калганын айтып чыкты.

«Эмне себептен өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн жыйынтык чыкпай жатат?» деген темада «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуу уюштурулду. Талкууга Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов, иликтөөчү журналист Болот Темиров, жарандык активисттер Самат Уранкай жана видео байланыш аркылуу Оштон Акылай Каримова катышты.

Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов «Парламент 6-чакырылтан 100 эмес жаман болот» деген оюн айтты.

«Мен көзү ачыктай эле айтып коёюн, парламент 6-чакырылтан 100 эмес жаман болот. Бүгүн баарына каршы электорат 25%дан өтүп бара жатат. Бул деген сөз баарына каршы деген утуп, бийликти сыздатышы мүмкүн. Эмнеге мен начар болот деп жатам? Бардык партиялардын тизмелерин көргүлө, бүт базарком, касапчы, коммерцанттар кетип жатат. Алар деген 1 сомду эки сом, эки сомду төрт сом деп чоңойгон балдар. Алардын идеологиясы акча менен, цифра менен эсептелет. Бул дегени президент аларды салык кызматы, күч органдары, фин полиция аркылуу кадимкидей ордуна коюп коёт. Ошон үчүн келаткан парламенттин 85 жаштагы тиши жок кемпирден айырмасы жок болот.»

Журналист Бакыт Асановдун «Ошондой кооптоонуу барбы?» деген суроосуна Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Эмилбек Каптагаев:

«Негизги партиялардын, 15 партия болсо, алардын көпчүлүгүндө жигердүү жаштар көп. Эгер алар азыркыдай, калыпка салгандай болбой азыркыдай өз оюн айтып, жигердүү топ пайда болсо өзгөрүү болушу мүмкүн.»-деди.

Бактыбек Калмаматов анын айткандарын «столба гүлдөйт, бука тууйт дегендей эле сөз» деп баалады:

«Эмилбек Саламатович айтып жаткандар «столба гүлдөйт, бука тууйт» дегендей эле. Эмнеге? Ушундай жаштар, башаламан болуп жаткан партияга кайыл болуп кирди, «эми баарына кайылбыз» деген эле сөз. Экинчиси, парламент жаңы келсе, мүнөзү мындай болот деген менен, тизменин алдында турган жаштардын баары «ширма». Алар «золотой мандат» деп бир миллион, беш жүз миң доллардан төлөп сатып алып коюшкан, өздөрү аркада турушат. Шайлоодон кийин келип, алдыга сүрүлүп алышат. 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button