ВидеоСаясат
Маанилүү

Калмаматов: Боронов эптей албаганды Алтынай Өмүрбекова эптей алмак беле?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов журналист Азирет Осмоновдун инстаграм баракчасында түз эфир аркылуу кайрылуу таратты. Анын айткандары коомдук тармактарда кызуу талкууга алынып, күндүн башкы темасына айланды. Анда экс-депутат коомдогу акыркы болуп жаткан кырдаалага саясий өңүттөн баа берип, өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө катуу сын айтты. Анын ичинде биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун атын атап, Алтынай Өмүрбекованын кызматтан алынышы туура эмес болгонун баса белгиледи:

 Уят эмеспи? Бардык эркектер чогулуп бир аялга алыңар жеттиби? Эл эшикте силерди шылдыңдап жатат. Бабанов мага деле жакпайт. Анын кадрына болушуп жатат дебегиле, бирок, араңарда эң авторитеттүүңөр Алтынай Өмүрбекова болчу. Кечирип гана койгула! Ошону да иштен алып тындыңар. Кубатбек Боронов деген өмүр бою Өзгөчө Кырдаалдар министри болуп иштеген киши. Ошол киши эптей албаган ишти аким болуп иштебеген, өзгөчө кырдаалдар боюнча иштебеген Алтынай Өмүрбекова эптей алмак беле? Отурат го иштеп эле. Адилеттүү болуш керек да?!

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close