Ден-соолукИлим-БилимКоомМаданият
Маанилүү

Кайсы мекеме-уюмдарга жана иш-чараларга чектөө калтырылат? (Тизме)

❌ Коронавирустун кеңири таралышынан улам айрым мекеме-уюмдардын иштешине жана массалык иш-чара өткөрүүгө чектөө калтыруу сунушталды.

Алар төмөнкүлөр:

-Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;

-көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);

-интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

-кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;

-соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү;

-балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан;

-билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү);

-автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.

✅ 1-июндан жана 5-июндан тартып бир катар мекеме-уюмдар ишин жандандырат.

Алар төмөнкүлөр:

— Күнүмдүк керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү, соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;

— Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;

— Аудит жана консалтинг компаниялар;

— Жарнама агенттиктери;

— Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаа менен саякаттоо сунушталат.

Бул тууралуу коронавирусьун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штабы билдирди.

Кыргызстанда 29-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 68 учуру катталып, жалпы саны 1662ге жетти.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close