Коом
Маанилүү

К.Ташиевдин агасынын ысымы Жалал-Абаддагы көчөгө ыйгарылбай турган болду

Жалал-Абаддагы борбордук көчөлөрдүн бири — Пушкин атындагы көчөгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы, маркум Каныбек Ташиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунуш бүгүн 10-мартта шаардык кеңештин сессиясында каралган.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Азаттыкка» билдиргендей, бул көчөнүн аталышын өзгөртүү тууралуу арыз менен Ташиевдин туугандары жана жергиликтүү тургундар кайрылышкан.

Бул боюнча 9-мартта депутаттык комиссия түзүлгөн. 10-марттагы шаардык кеңештин жыйынында шаар мэри Эрнисбек Ормоков «документ боюнча көптөгөн маселелер жаралат» деген негизде көчөнүн мурдагы аталышын калтырууну сунуштап, депутаттар аны колдоду.

Жалал-Абаддагы “Томас” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары белгилүү болгон Каныбек Ташиев коронавирус күчөп кеткен 2020-жылдын июль айында, 57 жашында каза болгон.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт