БийликЖогорку КеңешӨкмөтПрезидентСаясат

Күрөш негизги үч талапкер ортосунда болот

Туура бир айдан кийин, Кыргыз Републикасынын Президенттин шайлап алабыз. Ал убакытка чейин саналуу гана күндөр калды. Татыктуу жана негизги үч талапкердин ортосунда күрөш уланчудай. Коомчулуктун талдоосу, талкуусун, эске алып анализ жүргүзсөк Бактыбек Калмаматовдун эл арасында кадыры да, колдоочулары да күн санап, өсүүдө. Айтымчы, Света Тойгонбаеванын 2020-жылдын, 17-ноябрында kyrgyz.press сайтына чыккан материалы да чындыкка ооп калгандай. Анда, « Президенттике эч ким ойлобогон жаш бала келет, ошол мамлекетти оңдоп, Кыргызстан болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө багыт алат » деп айтылат. Кудайдын колунда, пенденин оозунда дегендей эл арасында айтылган сөздөн баары реалдуу жошоого айланып келетканы талашсыз эмеспи. Деги эле, кыргыз эли Бактыбек Калмаматовду Президент кылып шайлап алса чоң утушка ээ болот. Биринчиден, талапкер коррупцияга аралашпаган, 5-жыл Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп, бир кымындай жерди менчиктештирип алган эмес. Баардык иш аракети, тапкан акчасы адал экени талашсыз. Сөзүм куру болбош үчүн бир-эки жагдайды мисал келтире кетейин. Айрыкча 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында Жээнбековдордун саясий катачылыктарын ачык, ачуу сындар менен айтып чыкты. Эчким ооз ачалбай, өкмөттү сыңдап Жээнбековдордун атын атай албай аткан учурда, минтранстагы 520мин доллар коррупциялык иш боюнча айтканда коомчулук «бали, эр экенсин, духун күчтүү экен, жолборс жүрөк» деп алкап эле жатып калбадыбы. Муну эске салганымдын себеби, Калмаматов коррупцияга аралашпаган, таза, коркок билиши жок, духу кучтуу саясатчы болгондуктан жогорудай ачуу билдирүүлөр менен чыкты.

Негизги, атаандаш болгон экинчи талапкер Садыр Жапаров боюнча сөз кыла турган болсок, ал кишинин баскан жолу деле ич жылытпайт. Ысык-Көлдөгү «Жыргалаң» шахтасын менчиктештирип алганын, эжеси Райкул Жапарованын банк боюнча талаш тартыштары Садыр Жапаровдун рейтингин күндөн –күнгө түшүрүүдө.

Ал эми Адахан Мадумаров боюнча сөз кыла турган болсок, 10-жылдан бери Президенттик, Парламенттик шайлоого катышып 100 миңден ашпаган колдоочусу бар экени көрүнүп келет. Мадумаровдун саясий жолуна балта чапкан кемчилиги, Курманбек Бакиевдин учурунда «Каркыра» жайлоосун казактарга сатып ийгенин кыргыз эли кечирбей келет. «Жерин саткан элин сатканга барабар» — деп кыргыз эли ошондон бери Мадумаровго каршы добуш берип, Парламенттик, Президенттик шайлоолорго тынбай катышып, жетиштүү добуш ала албай келүүдө.

Алдыдагы шайлоодо атаандаш болот деген негизги талапкерлердин саясий баскан жолдоруна анализ жүргүзсөк эң тазасы жана татыктуусу эле Бактыбек Калмаматов экени талашсыз. Элдин пикири колдоосуна таянсак, биринчи тур менен эле жеңишке жетишери жана өлкөнүн эң жаш Презиндентти болору талашсыз.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт