Коом

Күндүн табы 21 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы

Жекшембиден тарта абанын температурасы жогорулап, Бишкек, Ош шаарларында 21 градуска чейин жетери айтылды.

 Кыргызгидромет агенттиги өлкө аймагына карата бир жумалык аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, жекшембиден тарта абанын температурасы жогорулап, Бишкек, Ош шаарларында 21 градуска чейин жетет.

1-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот.

1-мартта күндүз, 2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

3-мартта күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетет.

4-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-мартта күндүз жана 5-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.5-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми 6-7-март күндөрү күндүн көзү бузулуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.

 

Булак
Sputnik Kyrgyzstan
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button