Ден-соолукДүйнөКоомОкуялар

Италияда COVID-19 курмандыктары Кытайдын көрсөткүчүнө жакындады

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустан 475 адамдын өмүрү кыйылганын шаршембиде өлкөнүн расмий адамдары билдиришти. Бул бир сутка ичиндеги рекорддук көрсөткүч.

Жарандык коргоо агенттиги коронавирус жуктурганы аныкталгандар Италияда бир күндө 4 миңден аша көбөйүп, жалпы саны 36 миңге чукулдаганын билдирди. Алардын 2978и COVID-19 кесепетинен көз жумду.

Бир күндө миңден ашуун киши айыгып чыгып, алардын жалпы саны 4025ке жетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар программасынын аткаруучу директору Майк Райан Италияда өлгөн адамдардын арбып баратышы ооруканалардагы пациенттердин болуп көрбөгөндөй санынан жана өлкөдө улгайган адамдардын салыштырмалуу көптүгүнөн болушу мүмкүн деп болжолдойт.

Коронавирустун жаңы түрү COVID-19 алгач Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытайда бул илдетке чалдыккандар 81 миңди чамалап, алардын ичинен 3237 адамдын өмүрү кыйылган. 70 миңге жакыны айыгып чыкты. Кытайда эки аптадан бери вируска чалдыкканы аныкталгандар аз катталууда. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы акыркы суткада 13 жаңы учур аныкталганын билдирди.

Булак
azattyk.org
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button