Дүйнө

Иранда бир күндө 2,5 миң адамдан коронавирус аныкталды

Иранда бир күндө 2 560 адамдан коронавирус илдети аныкталды.

Өлкөнүн бийлиги жалпысынан 55 743 адам жаңы ооруну жуктурганын билдирди. Алардын ичинен 3 452 адам көз жумган.

«Associated Press» басылмасынын маалыматы боюнча, Ирандын парламентинин спикери Али Лариджани да коронавирус инфекциясын жуктурган. Ал вирусту жуктурган өлкөнүн эң жогорку даражалуу кызматкери болду.

Back to top button
error: Alert: Көчүрүүгө болбойт