Дүйнө

Иранда Аятолла аль Хаменейдин кеңешчиси коронавирус жуктуруп алды

Расмий Тегеран ошондой эле акыркы суткада өлкөдө 75 адам илдеттен улам көз жумганын, жалпы өлгөндөрдүн саны 429 адамга жеткенин маалымдады. Соңку бир күндө 1075 киши ооруга чалдыккан, жалпы илдет жуктургандардын саны он миңден ашты.

АКШ жана батыштын айрым өлкөлөрү Иранда маалыматтар азайтылып берилүүдө деп шектенишүүдө.

Оору жуктургандардын арасында вице-президент Масуме Эбтекар, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи жана парламенттин жыйырмадан ашуун депутаты бар. Өлкөдө окуу жайлар жабылган, массалык иш-чараларга уруксат жок.

Ирандын борбордук банкы коронавирустун жайылуусуна жол бербөө үчүн Эл аралык валюта фондунан 5 млрд доллар сурады.

Иран коронавирус жайылуусу жагынан Кытай жана Италиядан кийинки орунда турат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз

Back to top button
Close
Close